EasyManuals Logo

Philips AVENT Plus SCF391 User Manual

Philips AVENT Plus SCF391
251 pages
To Next Page IconTo Next Page
To Next Page IconTo Next Page
To Previous Page IconTo Previous Page
To Previous Page IconTo Previous Page
Page #101 background imageLoading...
Page #101 background image
101
Кыргызча
Кыргызча
Маанилүү коопсуздук маалыматы
Сүт сордургучту колдонуудан мурун ушул колдонуучу маалыматын кылдат окуп чыгыңыз жана
кийинчерээк колдонуу үчүн сактап коюңуз.
Бул колдонуучу нускаманы онлайн Philips Avent вебсайтында көрсө болот: www.philips.com/avent.
Бул өнүмдү эмизген аял өзү колдоно алат.
Сиз бул сүт сордургучту күн сайын колдонсоңуз болот.
Каршы көрсөтмөлөр
- Кош бойлуу кезиңизде сүт сордургучту эч качан колдонбоңуз, анткени соргуч
төрөткө алып келиши мүмкүн.
Эскертүү
Тумчугуп калуу, чакоо жана жаракат алуудан сактануу үчүн эскертүүлөр:
- Балдарга же үй жаныбарларына мотор блогу, адаптер, таңгактоочу материалдар
же аксессуарлар менен ойноого жол бербеңиз.
- Сүт сордургучту колдонгондон кийин ар дайым сууруп коюуңуз. Сүт сордургучту
колдонбогон кезде сактаңыз.
-
Бул сүт сордургуч дене, сездиргич, акыл-эс жагынан кемтиги бар же тажрыйбасы, ошондой эле
билими жок адамдар (балдарды кошуп) тарабынан колдонууга арналбайт. Мындай адамдар бул
сүт сордургучту алардын коопсуздугуна жооптуу адамдын көзөмөлүндө болгондо же шайманды
колдонуу боюнча тийиштүү нускамаларды алган учурда гана колдоно алышат.
Жугуштуу оорулардын жугушун алдын алуу үчүн эскертүү:
-
Эгерде сиз В, С гепатити же Адамдын иммундук жетишсиздик вирусун (АИВ) жуктуруп алган эне
болсоңуз, анда эмчек сүтүн берүү, сүтүңүз аркылуу вирустун балага жугуу коркунучун азайтпайт же
жок кылбайт.
Токко урунуудан сактануу үчүн эскертүүлөр:
-
Ар бир колдонуудан мурун сүт соргучту, анын ичинде адаптердин бузулуп бузулбаганын
текшериңиз. Эгерде адаптер же сайгыч бузулуп калса, туура иштебесе же кулап түшкөн же сууга
түшкөн болсо, сүт сордургучту колдонбоңуз.
-
Бул сүт сордургучу менен берилген адаптерди (S009AHz050yyyy) гана колдонуңуз.
-
Ар дайым бузулган учурда аппаратты электр кубатынан ажыратып коюу оңой болушун камсыз
кылыңыз. Адаптер ажыратуучу түзүлүш болуп эсептелет.
Булгануудан коргоо жана гигиенаны сактоо боюнча эскертүүлөр:
-
Гигиеналык себептерден улам, сүт сордургучту бир эле адамдын үзгүлтүксүз колдонуусу үчүн
арналган.
-
Биринчи жана ар бир колдонгонго чейин бардык бөлүкчөлөрдү тазалап, дезинфекциялаңыз.
-
Сүт сордургучтун бөлүктөрүн тазалоо үчүн антибактериалдык же абразивдүү тазалоочу
каражаттарды колдонбоңуз, анткени бул зыян келтириши мүмкүн.

Table of Contents

Questions and Answers:

Question and Answer IconNeed help?

Do you have a question about the Philips AVENT Plus SCF391 and is the answer not in the manual?

Philips AVENT Plus SCF391 Specifications

General IconGeneral
BrandPhilips
ModelAVENT Plus SCF391
CategoryBreast Pump
LanguageEnglish

Related product manuals